Баасы 11 миң сомдон 17 миң 500 сомго чейинки унааларды алсаңыз болот
Баасы 11 миң сомдон 17 миң 500 сомго чейинки унааларды алсаңыз болот. Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы муниципалдык жараксыз автотехникаларды сатуу боюнча аукцион жарыялады. Мындай маалыматты калаанын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Эргешов маалымдады. Анын айтымында эскилиги жеткен оор жүк ташуучу унаалар бар. Белгилүү болгондой, аукциондун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. Аукцион 20-май күнү шаардык мэиянын имаратында өтөөрү айтылды. Ага катышуу үчүн арыздар 19-май саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
Сатыкка чыккан унаалардын маркасы жана баалары:
№1-ЛОТ. Автотехника “АЗКО-44-1” гос.номер-2131 DA. баштапкы баа-12 000 сом.
№2-ЛОТ. Автотехника “ГАЗ-3309” гос.номер 2405 DA. баштапкы баа-12 000 сом.
№3-ЛОТ. Автотехника “ГАЗ-3309” гос.номер 2421 DA. баштапкы баа-12 000 сом.
№4-ЛОТ. Автотехника “ГАЗ-3309-1354” гос.номер 3085 DA. баштапкы баа-12 000 сом.
№5-ЛОТ. Автотехника “ЗИЛ-130” гос.номер 2998 DA. баштапкы баа-17 500 сом.
№6-ЛОТ. Автотехника “ГАЗ-33-09АЗ-КО 440-2” гос.номер 2420 DA. Баштапкы баа-12 000 сом.
№7-ЛОТ. Автотехника “Чушен-CSC5160ZYSE” гос.номер-2951 DA. Баштапкы баа- 11 000 сом

