Базар-Коргондогу Шайдан-Абдураимов унаа жолунун оңдоп-түзөөдөн өткөн 2 чакырым аралыгы пайдаланууга берилди

Базар-Коргондогу Шайдан-Абдураимов унаа жолунун оңдоп-түзөөдөн өткөн 2 чакырым аралыгы пайдаланууга берилди

 Райондун Кеңеш айыл аймагындагы бул жол бир нече айылды район борбору жана Базар-Коргон шаары менен байланыштырып турат. Иш чарага “Кыргызавтожолтүштүк” ишканасынын директорунун орун басары Тамерлан Осмонов, Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Данияр Дурусбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Сөз болуп жаткан  Шайдан-Абдураимов унаа жолунун узундугу 6 чакырымды түзөт. 4-категориядагы бул жолдун 2 чакырымы  былтыркы жылы титулга кирип, оңдоп-түзөөдөн өтүп, жөө адамдар үчүн тратуар да салынган. Аны райондогу № 50- жол тейлоо мекемеси 16 млн 950 миң сомго курган.  Аталган жолдун калган бөлүгү  быйыл жасалаары айтылды.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылы Базар-Коргон районунда жалпы 32 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.