ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ ЖАБЫЛДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү, буга чейин маалымдагандай, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиада спорттун волейбол, стритбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартышуу, гиря көтөрүү, эстафета, тогуз коргоол, жеңил атлетика жана бильярд оюндары боюнча болду.
Акыйкат атаандаштыкта байгелүү орундарга татыктуу командалар жана мыкты спортмсендер аныкталды. Тактап айтканда 1-орунду Административдик башкаруу аппаратынын курама командасы, 2-орунду Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун курамасы, 3-орунду Гуманитардык-экономикалык колледждин командасы ээледи. Спартакиаданын жабылышы салтанаттуу түрдө болуп, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга жана мыкты спортчуларга сыйлыктар берилди.Ошондой эле окуу жай администрациясы спартакиаданын катышуучуларына активдүүлүгү жана сергек жашоо ыңгайын алгылыктуу үгүттөөсү үчүн ыраазычылык билдирди.