Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу, сугат суу, ички жолдордун абалын жакшыртуу, Ош–Бишкек унаа жолунун Акман айыл аймагынан өткөн бөлүгүндө жол кырсыктарынын көбөйүшү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу, бала бакчага болгон муктаждык, ирригациялык системаларды жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.
Мындан сырткары, чакан жана орто ишкердикти колдоо, ветеринардык кызматты жакшыртуу жана мал ооруларынын алдын алуу, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылды.
Облус башчысы Тилек Текебаев көтөрүлгөн ар бир маселени угуп, жеринде тиешелүү облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен маалымат алды. Ошондой эле мыйзам чегинде чечүүнү талап кылган бардык маселелерди кароо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.
Жолугушууга жалпысынан 350гө жакын тургун катышып, алардын ичинен 33 жаран тарабынан 49 маселе көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында 20 миң 845 калк жашайт.