Кыргызстандын футболчулары Бахрейндин командасын жеңди (сүрөт баян)

Кыргызстандын футболчулары Бахрейндин командасын жеңди (сүрөт баян)

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Бахрейн командасын 2:1 эсебинде женди. Беттеш кечээ, 12-ноябрда Манас шаарындагы Курманбек стадионунда болду. Оюн, эл аралык “MANAS CUP 2025 (U-23)” футболдук мелдешинин алкагында уюштурулган. Ага “Кыргыз футбол биримдигинин президенти” КФБ Камчыбек Ташиев жана футбол ышкыбоздору катышты.
Анда Кыргызстандын олимпиадалык курамасы алгачкы беттешин Бахрейн командасына каршы өткөрүп, оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсепти Арсен Шаршенбеков теңеди, ал эми 42-мүнөттө Антон Полев дагы бир гол киргизди.

КФБнын баш катчысы Медербек Сыдыков Кыргызстан, Россия, Иран жана Бахрейндин курамалары күч сынашкан бул беттештердин максаты — жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн тажрыйбасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзөөрүн айтты. Мындан сырткары, ал бул эл аралык мелдеш алкагында Кыргызстандын курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрүп жатканын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, олимпиадалык кураманын кийинки беттеши 15-ноябрь күнү Иранга, ал эми 18-ноябрь күнү Россияга каршы өтөт.