“Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму: облустагы 100 активист жаштарга жолугушуулар өтүп жатат (сүрөт баян)

“Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму: облустагы 100 активист жаштарга жолугушуулар өтүп жатат (сүрөт баян)

Манаста өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында облустагы 100 активист жаштарга жолугушуулар өтүп жатат. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” төрагасы Жакшылык Бекназаров, жеке ишкерлер, жана активисттер катышты.
Иш чарага катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаштарды куттуктап, жергиликтүү бийлик жаштардын демилгелерин ар дайым колдоого даяр экенин билдирди
Форум белгилүү ири компанияларда иштеп келген жана учурда да ийгиликтүү эмгектенип жаткан жаш лидерлердин семинарлары менен коштолууда. Алар өздөрүнүн тажрыйбасы, жетишкендиктери жана кыйынчылыктарды жеңүү жолдору менен бөлүшүп, катышуучуларга мотивация берип, келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу пайдалуу кеңештерди сунушташууда.
Аны менен катар форумдун алкагында чоң жыйындар залында жаш ишкерлер үчүн бизнес форум да уюштурулуп жатат.