“Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында желек көтөрүү жана көчөт отургузуу акциясы өттү

 “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында желек көтөрүү жана көчөт отургузуу акциясы өттү
Бүгүн Манас шаарындагы стелада “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында желек көтөрүү жана көчөт отургузуу акциясы уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, шаар мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” төрагасы Жакшылык Бекназаров жана ыктыярчы жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө алгач Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу салтанаттуу көтөрүлүп, андан соң стела айланасына көчөт отургузулду.
Облус башчысынын биринчи орун басары Уларбек Исмаилов өз сөзүндө иш-чара жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого жана экологиялык маданиятты калыптандырууга чоң салым кошоорун белгиледи.
Саамалык 8-9-апрель күндөрү Манас шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында уюштурулган.