Манас шаарында 40 жаштагы аял өз үйүндө асынып каза болгон

Манас шаарында 40 жаштагы аял өз үйүндө асынып каза болгон
10-январь күнү Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тез жардам бөлүмүнөн кабарлашкан. Анда Манас шаарынын 1985-жылы туулган И.В. аттуу тургуну өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу билдирген. 
Аталган факты боюнча Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан, маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө чейинки териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Манас ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркумдун денесине сыртан кароо жүргүзүп, маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.