Шаар аймагында жыл башынан бери канча өрт кырсыгы катталды?

Шаар аймагында жыл башынан бери канча өрт кырсыгы катталды?

2025-жылдын 1-январынан 15-январына чейин Жалал-Абад шаарынын аймагында жалпы 3 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык чыгым 54 миң 591 сомду түздү. Ал эми 2025-жылдын 11-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Канаттуулар фабрикасынын Э.Зиядинов көчөсүндө көп кабаттуу турук үйдүн 6-батиринен чыккан өрт кырсыгынан 3 жаран күйүк алган. Бул туурасында Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн  башчысы,  майор Айбек Иманов кабарлады. Анын айтымында Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында 1 млн 500 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Жалал-Абад шаары боюнча өрткө каршы бөлүмүнүн (ӨКБ) өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн (ӨӨжААБ) кызматкерлери  тарабынан  өрт кырсыктарын  алдын алуу боюнча,  калк арасында  жана  мекеме ишканаларда, мектеп, балдар бакчаларында лекция жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Бирок ошого карабасатан жеке турак үйлөрдө өрт кырсыктарынын катталуусу көбөйүп жаткандыктан Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаар тургундарынан   өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Ошондой эле кырсык болгон учурда кандай аракеттерди көрүү зарыл экенин билдиришет:

Өрт учурундагы аракеттер:
Өрт учурунда зарыл түрдө:
- Өрт жөнүндө үн чыгаруучу сигналдар менен кабарлоо;
- 101 телефону боюнча кабарлоо;
- Адамдарды эвакуациялоо, жардам көрсөтүү;
- Колдо бар каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү;
- Материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуация кылуу.
Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары:
- Жалындап күйүп жаткан керосинка, керогаздарды жууркан-төшөк менен бышык же кийим менен жаап салуу.
- Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен;
- Күйүп жаткан эмеректерди жана буюмдарды суу менен төгүү менен.
Өрт пайда болгон учурда токтоосуз түрдө өрткө каршы кызматын чакырып, өрттөнүп жаткан үйдөн адамдарды эвакуациялап, колдо бар каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек.
​Бул нускоодо баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо, Сиздин турак жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүүдөн сактайт.

Эскерте кетебиз! Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматынын телефону «101» же “112” 

Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн

өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн  башчысы,  майор                                  Айбек Иманов