Студенттер арасында 10-декабрь "Адам укуктарынын деклорациясын кабыл алынган күнү" белгиленди

Кечээ Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын күнүнө карата “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 76 жылдыгы, анын азыркы абалы жана келечеги” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул туурасында аталган окуу жайдын коомчулук менен иштөө бөлүмүнөн билдирди. Алардын айтымында иш-чара ЭАУнун юридикалык кафедралары тарабынан уюштурулуп, ага Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору Самара Кыдырова, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Мухтар Сабировдор чакырылган. Мында адам укуктары маселелери менен бирге жарандык милдеттер, жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, зордук-зомбулуктарды, баңги заттарды колдонууну, сойкулукту болтурбоо сыяктуу маселелер талкуланды. Ошондой эле профессор-окутуучулар курамынын, укук коргоо органдарынын жана уюм-мекемелеринин, студенттердин билдирүүлөрү угулуп, фото-видео материалдар көрсөтүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Ушул эле иш-чаранын алкагында дубал гезиттеринин көргөзмөсү, бир катар сынактар уюштурулган. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан студенттер атайын сыйлыктар менен сыйланды. “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 76 жылдыгынын” алкагында ЭАУда 4-декабрда “Адам укуктары! Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы” иш-чарасынын алкагында Жалал-Абад областтык юстиция башкарамалыгынын Юридикалык жардам кызматынын башчысы Акбар Эрматовдун юридикалык жардам, кызмат көрсөтүү темасында абдан мазмундуу сереп лекциясы да болуп өттү – деп айтылат билдирүүдө.