Таластан атайын кара куурай чогултуу үчүн келген төрт жаран кармалды

Таластан атайын кара куурай чогултуу үчүн келген  төрт жаран кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, ушул жылдын 20-февраль күнү Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондун аймагында “А” аттуу жаран талаада кара куурай чогултуп жүрөт деген маалымат алынган.
Аталган маалымат Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып кылмыш иши козголгон.
Токтогул РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү катары Талас облусунун 1971-ж.т. Т.С., 1976-ж.т. А.Н., 1993-ж.т. А.уулу К. жана 1998-ж.т. Т.А. аттуу тургундары кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1971-ж.т. Т.С. жана 1976-ж.т. А.Н. аттуу жарандар мурда да бир нече жолу соттолуп чыккандыгы, ага карабастан Токтогул районунун аймагында жапайы кара куурайды терип машинасына жүктөп бара жаткандыгы маалым болгон.
Ал эми 2025-жылдын 22-февраль күнү Токтогул райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Шектүүлөр