Карышкырдан жабыр тартышып...
Жергиликтүүлөр мал жандыктарын жырткычтардан коргошууда
Аксы районундагы Жерге-Тай айыл аймагы тоо койнундагы аймак. Тоо тарапта карышкыр,чөөлөр арбын. Мындан улам аймактагы жашоочулар жырткычтардан жабыр тартып келишет. Атап айтканда кыш түшкөндө бери эле майда жандык, кара мал, жылкы болуп 30дан ашык малды карышкырга алдырып жиберишти. Жабыр тарткан Жерге-Тал айыл аймагынын Капчыгай айылынын тургундары, мергенчи жигиттер жыл сайын карышкырлардын артынан сая түшүп атып, кууп аймактан тазалоонун аракетин көрүп келишет.Жакында эле алар 4 карышкырды атып жок кылышкан. Ал эми айылдын тургундары Шарипбек Боронбаев менен Равшанбек Даникулов бир карышкырды тирүү кармап алышып айылга алып келишти. Алар билдиргендей өткөн жылдарга салыштырмалуу чөөлөрдүн саны да кескин кыскарганы байкалат. Алар карышкыр,чөөлөрдөн зыянсыздандыруу аракеттерине мамлекет тарабынан кандайдыр бир көмөктөр болсо дешет.
Абдымомун Калбаев, “Акыйкат”