ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА БАЛДАР ДАЯР
Жалал-Абад облустук “Акыйкат” газетасынын Аксыдагы кабарчысы Абдымомун Калбаевдин демилгеси менен жыл сайын муктаж балдарды жаңы окуу жылына даярдоо боюнча “Кайрымдуулук кылабыз, мектепке барсын балабыз” акциясы өтүп келет. Быйылкы жылы да балдарга жардам иретинде Аксы, Ала- Бука райондорунан 47 окуучу кыздар менен балдарды чакырып, аларга демөөрчүлөрдүн көмөгү менен сумкаларды, окуу куралдары менен, көркөм адабий китептерди тапшырышты. Андан сырткары келип кеткен жол акысы жана түшкү тамагына каражат кошуп берилди.
Балдарга белектерди тапшыруу аземине Аксы районунун акиминин орун басары Айсалкын Салиева, айыл аксакалдары, ата-энелер жана Аксы коллеждинин окутуучулары, Жунай Мавлянов атындагы лицей инновациялык жатак-мектебинин окуучулары, мугалимдери катышты.
Демилгечи Абдымомун Калбаев демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле катышуучулар окуучуларга жаңы окуу жылында жакшы окуп, ийгиликтерге жетишүүгө чакырып каалоо тилектер айтылды.
Эскерте кетсек мындай иш чара Абдымомун Калбаевдин демилгеси менен бир топ жылдан бери өтүп келет.
“Акыйкат”, Аксы району.