Жалал-Абад ОИИБке жаңы орун басар дайындалды
Облустук милициянын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп Орунбек Казыбеков дайындалды. Аны бүгүн өздүк курамга Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов тааныштырды. Милицияда көп жылдар бою эмгектенген Орунбек Казыбеков Ички иштер министринин буйругунун негизинде дайындалды. Ал буга чейин Ош шаарында эмгектенген болчу.