Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды

Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды

 Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, облустук милиция тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 1974-жылы туулган Турция мамлекетинин К. М. аттуу жараны 1,66 грамм “гашиш” баңгизатын 5 миң сомго сатып өткөргөн учурда кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү менен айып тагылды.

Соттун чечими менен ал, 2026-жылдын 14-июнуна чейин камакка алынды.

Ошондой эле анын Өзбекстанда эл аралык издөөдө жүргөнү жана Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү боюнча маалыматтар текшерилүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.