Жалал-Абадда Таджикстандык этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү берилди

Жалал-Абадда Таджикстандык этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү берилди

Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты жумуш менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айпери Имамалиева билдирди. Анын айтымында жыл башынан бери бир гана кайрылуу түшкөн. 
“Быйыл жыл башынан бери бир гана этникалык кыргыздан кайрылман күбөлүгүн алуу үчүн биздин башкармалыкка арыз менен кайрылган. Бүгүнкү күнү кыргыз улутундагы Таджикстан Республикасынын жараанына күбөлүк тапшырдык. Былтыркы жылы мындай күбөлүктү 7 жаранга тапшырганбыз”,-деди ал. 


Кайрылман - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этностук кыргыз;
Этностук кыргыз - чет мамлекеттин жарандыгына ээ кыргыз улутундагы адам же жарандыгы жок кыргыз улутундагы адам;
Кайрылман статусу - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус;
Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч  аймактык органга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч  берген адамдардын эркин билдирген документ;