Жалал-Абадда жыл башынан бери мыйзамсыз аң уулап, экология жана жан-жаныбарларга зыян келтирген жарандарга 1 млн 61 миң 476 сомдук айып пул салынып, каражат өндүрүлдү

Жалал-Абадда жыл башынан бери мыйзамсыз аң уулап, экология жана жан-жаныбарларга зыян келтирген жарандарга 1 млн 61 миң 476 сомдук айып пул салынып, каражат өндүрүлдү

Мындай маалыматты КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Шерикбай Шаимкулов билдирди. Анын айтымында жыл ичинде дубанда жарандардан аңчылык үчүн мыйзамсыз ок атуучу 4 курал алынган.

«Биздин бөлүм 4 багыт боюнча тынымсыз иш алып барабыз. Алар: мыйзамсыз аң уулоо, жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү сактоо, мыйзамсыз балык уулоо жана көлдөрдө, дарыяларда синтетикалык торлорду салган браконьерлер менен күрөшүү жаатында. Быйылкы жылдын 11 айында жаратылыш мыйзамдарын бузган жарандарга жалпы 1 млн 61 миң 476 сом 76 тыйындык айып пулдар салынып, алардын баары мамлекеттин эсебине которулуп берилди. Жыл ичинде облуста мыйзамсыз балык уулаган жана синтетикалык торлорду салган жарандарга 35 жолу рейддер орун алып, мыйзамыз балык уулаган 22 факты катталып, 164 миң 89 сом доо, айып пулдар салынды. Негизинен жарандар Токтогул суу сактагычына жана Нарын дарыясына синтетикалык торлорду салышат. Бул жаатта 6 факты орун алып, Нарын дарыясынан 15 миң метр тор, суу сактагычтан 47 миң метр тор өрттөлүп, жок кылынды. Ал эми, синтетикалык тор таштаган жарандарга 27 миң 500 сом айып пулдар салынган.

Акыркы учурда эл арасында жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн тамырын казып саткан учурлар арбыды. Алсак, өмөт тарабынан казууга мараторий киргизилген «Эндик» чөбүнүн тамырын казып жатышат. Жыл ичинде биздин кызматкерлер тарабынан рейддер уюштурулуп, элден жалпы 859 кг чөптүн тамырын чогултууга жетиштик. Аны менен тамыр казган кишилер мамлекетке 1 млн 278 миң 100 сомдук зыян келтирген. Бул фактылар каттоого алынып, айрымдары сот жоопкерчилигине тартылды. Соттун чечими менен «Эндик» чөбүнүн тамырын казган кишилерден мамлекеттик эсебине 172 миң 600 сомдук доо өндүрүлүп берилди.

Ал эми, жапайы жан-жаныбарларга аң уулоо боюнча калк арасында бир аз түшүнүк кирип калды. Себеби, кызыл китепке кирген аркар, кулжа, теке, доңуз жана аюу сыяктуу жаныбарларды аткан учур орун алган жок. Бирок, кекилик сыяктуу жаныбарларга аң уулаган жарандар аныкталып, админстративдик жоопкерчиликке тартылды»,-деди Шерикбай Шаимкулов.

Мындан сырткары ал экологдор укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып бараарын, жыл ичинде жарандардан тиешелүү уруксат кагазы жок аң уулоо максатында сакталып жүргөн ок атуучу 4 курал жарак алынып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.