Жалал-Абадда «жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» сынагы өткөрүлдү
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт, насаат иштери боюнча инспектору Аман Джолборсалиев билдирди. Анын айтымында алдыда ушундай саамалыктар облустун бардык район-шаарларында уюштурулат.
«Бүгүнкү күнү калаадагы №2 К. Закиров атындагы мектепте уюштурулган иш чарага мектеп окуучулары, Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Саамалыктын максаты жаш жеткинчектер арасында жол кыймылынын эрежелерин түшүндүрүү жана жашы жете элек балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу. Сынактын жүрүшүндө жол кыймылын тескеген инпекторлор тарабынан окуучуларга суроолор берилип, соңунда кызыктыруучу белектер ыйгарылды»,-деди А. Жолборсалиев.
Кошумчалай кетсек, жыл сайын өлкөдө «жаш инспектор» кароо сынагы уюштурулуп келет. Сынактын максаты жашы жете элек, өспүрүмдөр арасында жол эрежесин үйрөтүү, жол кырсыктарынын санын азайтуу болуп саналат.
"Акыйкат"