Жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан, зордук-зомбулуктан тороо аракеттери жүрүп жатат
Жалал-Абад шаарында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык иш-чаралар өтүүдө. Ага мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары, милиция кызматкерлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын алкагында окуучуларга зордук-зомбулук, мектеп рекетчилиги, кылмыштуулуктун алдын-алуу жана болтурбоо максатында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган түшүндүрүү иштери шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлмөкчү.