Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад облусунда жаңы мекемеси ачылды
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан Жалал-Абад шаарынын сыртында жаңы түзөтүү мекемесинин курулушун аяктап, анын атайын ачылышы болуп өттү. Аталган кызматтын түзөтүү бөлүмүнүн №10 мекемеси Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Бай-Мундуз айылынын жогору тарабында 13 гектар жерге курулду.
Ачылышка КРнын Юстиция министри Аяз Баетов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, ички кызматтын генерал майору Аскат Эгембердиев баш болгон кызматкерлер менен район бийлиги катышты.
Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, ички кызматтын генерал майору Аскат Эгембердиев билдиргендей Жалал-Абад шаарынын ортосунда жайгашкан №10 түзөтүү колонниясын сыртка чыгаруу боюнча 2022 –жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган.
Мындан улам Министрлер Кабинетинин токтому менен бул максатта түзөтүү колонниясын башка жака куруу боюнча планы иштелип чыккан. Долбоор Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) "Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" тарабынан ишке ашырылып, ЖАКтын "Механизациялаштырылган көчмө колонна"мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып, жаңы объект 1250 орунга эсептелген, анын ичинде жалпы режимдеги соттолгондор үчүн 1000 орун жана катуу режимдеги 250 орун бар.
Мындан тышкары, “Келечек” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Байыш Мукамбетовдун айтымында жаңы мекеменин алдында күнүнө 40 миң даана кирпич чыгаруучу завод иштей баштады. Бул өндүрүштө 50дөн 70ке чейин соттолгондор иш менен камсыз болушат, бул алардын кайра социалдашуусуна жана жаңы көндүмдөргө ээ болушуна шарт түзөт. Ошондой эле тигүү цехи, темир устачылык, нан бышыруучу жана башка цехтери дагы ачылды, алардын баарында жалпы 600дөй жумуш оруну түзүлүшү күтүлүүдө жана анда иштеген соттолгондорго айлык маяна чегерилет.Атап айтканда учурда тигүү цехинде 85 тигүүчү машинада сексенге жакын айыпкерлер иштөөдө жана алар азыркы тапта абактагыларга кийим тигип жатышат. Иштеп жаткандардын арасында буга чейин атайын тигүүчүлүктү окуп үйрөнүшүп сертификатка ээ болшукандары да бар. Мындагы тигүү цехине сырттан да буйрутма берүү башталгандыктан дагы 85 тигүү машинасы орнотулуп жатат. Ошондой эле мекеменини ичиндеги бут кийим тигүүчу цехте ондой айыпкер иштеп жатат. Алар дагы азыр түзөтүү абагындагы соттолгондорго өтүк тигип жатышат. Аны менен катар нан бышыруучу жай дагы иштөөдө. Анда азыр жазасын өтөп жаткан үч айыпкер иштейт. Алар ар күнү 250 даана нан бышырышып, абактагы соттолгондорду нан менен камсыздашат. Байыш Мамбетовдун айтымында эми тикенек зымдарын чыгаруучу, кагаз баштыктарды чыгаруучу, устачылык жана темир ширетүүчү цехтер ачылат. Азыр буга чейин ачылган ишканаларда жалпы 150гө жакын жаза өтөп жаткандар иштеп жатышат.
Эскерте кетсек аталган мекеменин курулуш иштери 2022-жылдын август айында башталган. Ал республикалык бюджеттен каржыланып, мекемени көчүрүү, курулуш-монтаждоо жумуштарына болуп жалпы 2 млрд. 283 млн сом менен бүткөрүлгөн.
2024-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилди.
Ачылышка катышкан Юстиция министри Аяз Баетов жаңы мекеменин ишмердүүлүгү жана түзүлгөн шарттары менен таанышты. Аны менен катар Жалал-Абад шаарынын чет жагында жайгашкан жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесине да барды.
Маалыматты жазган - Байгазы Раимкулов