Ала-Букадагы маданият үйү 35 жылдан кийин реконструкцияланып жатат.

Бул тууралуу аталган маданият үйүнүн башчысы Таалайбек Джунусов билдирди. Анын айтымында концерттик зал жана имараттын сырты жаңыланат.
«Райондогу Ш.Жоробекова атындагы маданият үйү 1990-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Маданий жай курулгандан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Мындан улам концерттик зал, имарат оңдоого муктаж болуп калган. Бул жылы райондук өнүктүрүү фондунан 4млн 390миң 129 сом акча каражаты бөлүнүп берлиди. Ал суммага 400 кишилик концерттик зал реконструкцияланууда. Ал үчүн тендер жарыяланып, андан “Раян Групп” ЖЧКсы утуп алып иштеп жатат. Мындан сырткары маданият министрлиги 4 млн 600 миң сом акча каражат бөлүп берип, ал каражатка имараттын фасады жаңыланыа, заманбап айнек, эшиктер орнотулат. Ал үчүн да алдыңкы күндөрү тендер жарыяланат»,-деди жетекчи Таалайбек Джунусов.
Ш.Жоробекова атындагы маданият үйүнүн имаратында райондук борборлоштурулган китепканада жайгашкан. Жалпы жонунан мында 35 кызматкер эмгектенет.