Гүлбарчын Таштанбекова Манас шаарынын мэринин орун басары кызматынан бошотулду
Мындай маалыматты ал өзү ырастап, өз эрки менен жумуштан бошоо боюнча арыз жазганын кошумчалады. 46 жаштагы Г. Таштанбекова 2021-жылдын апрель айында ошол кездеги Жалал-Абад шаардык мэриясын (азыркы Манас шаары) социалдык маселелер боюнча вице-мэри кызматына дайындалган. Ага чейин ал бир топ жыларга чейин банктарда юрист болуп эмгектенген.