“Кичи-Бүргөндү, Бүргөндү жана Кыпчак-Талаа айылынын тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына  байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө”

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXII сессиясы

 

 Жаңы-Арык айылы                      4-ТОКТОМУ                          4-октябрь  2023-жыл

 

“Кичи-Бүргөндү, Бүргөндү жана Кыпчак-Талаа айылынын тургундарынын

ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына  байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө” 

Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамдын, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматова, Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Кулунбек кызы Алмагүлдүн жана Жакып кызы Венеранын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз  XXII – сессиясы. 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

  1. Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамдын, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматованын, Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Кулунбек кызы Алмагүлдүн жана Жакып кызы Венеранын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларыэске алынсын.
  1. Үй шарты оор болуп дарылануу үчүн муктаж болгон айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамга3 000 (үч миң) сом, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматованын3 000 (үч миң)  сом  , Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Кулунбек кызы Алмагүлгө 3 000 (үч миң) сом, Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Жакып кызы Венерага 5 000 (беш миң) сом жалпысынан 14 000 (он төрт миң) сом акча каражаттары жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин. 
  1. Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.

  

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы                                                        А. Кубатбеков