КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ –ӨМҮРГӨ ТЕТЕ ИШ

  КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ –ӨМҮРГӨ ТЕТЕ ИШ

Аксы районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КРӨКМ)  Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тарабынан 2024-жылга карата кырсык болуп кетүү коркунучу бар жерлер аныкталып турак жайларга жана адам өмүрүнө коркунуч алып келе турган жер көчкү күтүлгөн   55,   сел жана жээк эрозиясы жүрүү коркунучу бар жана селден улам бузулуп кетүүчү жерлер  198, жалпы жаратылыш кырсыктары катталып кетүүчү аймактар  266 тилке катталган.

Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү айыл өкмөттөр менен биргеликте Аксы районунун аймагында 2024-жылы КР ӨКМнин техникаларынын жардамында  сел кырсыктарынын алдын алуу боюнча 30 объектиде жумуш жүргүзүп, 500дөн ашык турак жайлардын, социалдык объектилер ошондой эле ички чарбалык жолдор сел кырсыгынан корголуп алдын алуу иштерин жүргүзүп келди.

Ал эми 2025-жылга карата КРӨКМнин “Атайын кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине Аксы районунун аймагынан 13 объекти пландалып, сел кырсыктарынын алдын алуу максатында Үч-Коргон айыл аймагынын Жыл-Кол айылында 3650 метр аралыкта толуп калган сел каналы толугу менен тазаланды.

Райондун Кош-Дөбө айыл аймагынын Таш-Жар айылындагы Мундуз сел сайынын жээгин бекемдөө үчүн 300 даана гобион торчолору жерине жеткирилип, орнотулуучу жерлердин негиздери даярдалып, гобион торчолорун орнотуу иштери жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Жаңы-Торук айылында көп жылдан бери тазаланбай турган айылды аралап өткөн сел өтүүчү каналдын 600 метрин тазалап, айылдын жогору жагына сел сууларын бир нукка салуу үчүн жаңыдан 400 метр аралыктагы сел канал казылууда. КРӨКМги тарабынан бөлүнүп берилген эксковатор район аймагындагы иш-мерчемге киргизилген объектилерди толугу менен тазалоо жана жээктерин бекемдөө жумуштарын жүргүзүүдө иштетилип жатат.

Райондун тургундары эмнелерди эске алуулары зарыл: Бул багытта элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Ошондой болсо да эске сала кетчү нерсе Аксы району тоолуу аймак болгондуктан жаз мезгилинин келиши менен табигый кырсыктардын активдешүүсү байкала баштайт. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун өзүнүн мүлкүн сактоого милдеттүү. Ал үчүн:

-арыктарга таштандыларды ыргытпоону;

- арыка толгон калдыктарды ар дайым тазалап турууну;

 -сел суулары өтүүчү арыктардын нугун бүтөп, турбаларды бетондоп көпүрө курбоону;

 -сел жүрүүчү жана жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүүнү;

Кооптуу аймака курулуш иштерин жүргүзбөөнү дагы бир ирет эске сала кетмекчибиз.

Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана жергиликтүү бийликтин эскертмесин кынтыксыз аткаруу зарыл.

  Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу  Н.Калганбек уулу