Мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Иш чара  жөө жүрүш менен башталды. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган облустук жана шаардагы мекеме-ишканалардын жамааттары, билим берүү тармагынын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышты. Саамалыктын катышуучулары борбордук аянттан Аюб тоо боорундагы «ЖалалАбад» жазуусу коюлган стеллага чейин жөө жүрүштөн өтүштү.

Иш-чарада облус Тилек Текебаев,  шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору сөз сүйлөп, жалпы коомчулукту мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы жана  ак калпак күнү менен куттукташты.

Тилек Текебаев, туу ата-бабалардын бай тарыхый мурасын жана көчмөн маданиятын чагылдырып, өлкөнү дүйнөгө таанытып турган мамлекеттүүлүктүн эң башкы символу экенин белгиледи. Ошондой эле ак калпак кыргыз эркектеринин баш кийими катары таанылып, өзүнө терең философияны камтыган улуттук баалуулук экенин кошумчалады.

Эске салсак, Мамлекеттик туу өлкө эгемендик алгандан кийин 1992-жылы 3-мартта легендарлуу парламенттин токтому менен бекитилген жана ал өлкөнүн негизги атрибуттарынын бири. Ал эми ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.

Коомчулукка белгилүү болгондой туунун түзүлүшү 2023-жылы толуктоолор менен өзгөртүлгөн. Башкача айтканда Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына 2023-жылдын 22-декабрында кол койгон.