Тогуз-Торо району боюнча Пробация органынын ишмердүүлүгү

Тогуз-Торо району боюнча Пробация органынын ишмердүүлүгү

Пробация каттоодо турган кардарлар жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте  "укук бузуулардын алдын алуу"  максатында кезектеги профилактикалык маектешүүлөр өтүп, медициналык жардам көрсөтүлдү.

82 жаштагы кары пробация кардарынын үйүнө барып маектешүү жүргүзүлдү.

Пробация кеңешинин чечиминин негизинде кардарларга медициналык жардам көрсөтүлүп турат.

Пробация кардарларына атайын социалдык башкармалыгы тарабынан социалдык кызматкерлер бекитилген. Соц. кызматкерлердин кароосунда болот.

Ал эми башка кылмыштар боюнча соттолгон кардарлардын ар бири менен  кеңейтилген түрдө маектешүүлөр жүргүзүлүп укук милдет, жоопкерчилиги кеңири түшүндүрүлүп берилди.

 Мындай профилактикалык маектешүү  укук коргоо органдары менен иш пландын негизинде ар кварталда өткөрүлүп турат.