Жалал-Абадда мектепте окубаса да класстан класска көчүрүлүп келген окуя катталган билим уянын жооптуу кызматкерлери кызматтан алынды

Жалал-Абадда мектепте окубаса да класстан класска көчүрүлүп келген окуя катталган билим уянын жооптуу кызматкерлери кызматтан алынды

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди. Анын айтымында окуяга катыштыгы бар делген педагогдордун баары жазага тартылат. 
«Калаадагы №3-Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан мектепте окубаган окуучуларды класстан класска көчүрүү фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун Жалал-Абад облустук прокуратурасы айтып чыкты. Ушул тапта иш улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилиптир. Аталган факты боюнча атайын кызмат өз баасын берет. Ага чейин шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жумушчу топ түзүлүп, жеринде текшерүү иштерин алып барабыз. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кеңири маалыматтар берилет. Эгер көзөмөл кызматы айтып чыккан иш боюнча учурунда билим берүү мекемесин ким жетектеп турган болсо, баары жоопкерчиликке тартылат. 
Жакынде эле сөз болуп жаткан  №3-Ж.Бакиев мектебинин директору өз арызынын негизинде жумуштан бошогон, диектордун милдетин аткаруучу болуп башка эжеке дайындалган. Бирок, бүгүнкү күнү бул окуядан кийин жаңы дайындалган директордун милдетин аткаруучу жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган кызматкерлер жумуштан бошотулду»,-деди Ы. Калчаев. 
Буга чейин, көзөмөл органы  Жалал-Абад шаарында жайгашкан №3-Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектепте окубаган балдардын өздүк иштерине жана класстык журналдарга чыныгы мазмунун бурмалаган жалган жазууларды киргизишүү менен класстан класска көчүрүшкөнүн кабарлаган. Тагырагы  2013-жылы туулган С.С. аттуу бала 2019-2023-жылдары Россиянын аймагында жүргөндүгүнө карабастан расмий иш-кагаздарга аны 1-класстан 5-класска чейин аталган мектепте окугандыгын далилдеген жалган маалыматтарды киргизишкен.
Ушундай эле жагдай, чет өлкөдө жүргөн 2008-жылы туулг