КҮЗДҮК ЖАҢЫ ЫКМА МЕНЕН СЕБИЛҮҮДӨ
Аксы районунун дыйкандары күздүк себүүнү жаңы ыкмада себип башташты. Жылдагыдай эгин аянттарын айдап убара керчилик тартпастан түз себүү ыкмасына өтүштү. Мындай ишти Жалал-Абад айылдык кеңеш берүу кызматы ПРООНдун азык –түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырып, сеялка,үрөн, жер семирткичи менен келип дыйкандардын эгин аянттарына себип берип жатышат. Башкача айтканда аңызды айдабай эле себип жатышат. Быйылкы жылда 1200 гектар аянтка түз себүү ыкмасы менен үрөн себилмекчи. Учурда 60 гектар аянтка үрөн себилди. Мындай ыкма менен Кербен шаардык мэриясына караштуу Мамай айылындагы дыйкан фермерлер 10 гектар аянтка күздүк эгиндерди аталган ыкма менен себүүдө. Мындай ыкма фермер дыйкандарга өзгөчө жакты. Анткени алар биринчиден убакытты, күйүүчү майды жылдагыдан эки эсе үнөмдөп калууга жетишишти. Үрөндү минералдык азык зат менен кошо себип жатышат.
Ушундай эле ыкма менен Кош Дөбө айыл аймагында 200 гектар аянтка үрөн себүү иши да кызуу жүрүп жатат. Бул дыйкандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк жана жеңилдик да болууда.
Абдымомун Калбаев, “Акыйкат”