Жалал-Абад облусунда бул жылы 6375 окуучу ЖТР тапшыруу үчүн каттоодон өткөн

Ушул тапта дубан аймагында тестирлөө жүрүп жатат. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Айылчы Гулатов билдирди. Анын айтымында тестирлөө 3 этап менен жүргүзүлөт.
«18-майдан тарта 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышат. Азыркы тапта тест тапшыруу Сузак, Ала-Бука райондору жана Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларында өтүп жатат. Баарына белгилүү болгондой, тестирлөөгө катышуу ыктыярдуу түрдө болот. Мындан улам бул жылы 6375 окуучу ЖРТга катталган, бул көрсөткүч жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 63,1%ын түзөт. Тестирлөө дубандагы 20 мектептин базасында 3-этап менен уюштурулган. Биринчи этап 18-19-20-май, экинчи этип, 22-23-24-майда, ал эми үчүнчү этап 20-21-июнда өтөт»,-деди башчы А. Гулатов.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 465 жалпы билим берүүчү мектептер бар. Быйылкы, 2024-2025-окуу жылында сөз болуп жаткан мектептерден 11-классты 10миң 68 окуучу аяктаса, 9-классты 24 миң 118 окуучу бүтүрөт.