Таш-Көмүрдө 17 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Нарын дарыясынан табылды

Таш-Көмүрдө 17 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Нарын дарыясынан табылды

Жергиликтүү тургундардын айтымында ал 16-май күнү сууга чөгүп кеткени белгилүү болуп, куткаруучулар издеп баштаган. Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы да ырастады. Белгилүү болгондой,  2009-жылы туулган О.Бны.  издөө-куткаруу иштеринин биринчи күнүндө  Таш-Көмүр шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 куткаруучу, 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 6 куткаруучу жана ШИИБден 4 кызматкер тартылып, натыйжа чыккан эмес.

“ Ал эми, 17-майында издөө иштери улантылып, Таш-Көмүр шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  7 куткаруучу, 2-ӨИКОнан 6  куткаруучу, Таш-Көмүр ШИИБнөн 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 жаран тартылган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында саат 08:35те изделип жаткан жаран 2-ӨИКОнун суучул-куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”-,деп айтылат мекеме берген маалыматта.

 ӨКМдин  маалыматы боюнча, бул быйыл жыл башынан бери дубанда жарандардын сууга чөккөн бешинчи учуру. Алардын ичинен төртөө жашы жете элек балдар болгон. 

Былтыркы жылы дубанда жарандар сууга чөккөн 9 учур орун алган. Мындан улам куткаруучулар ата-энелерди балдар суу жээктеринде жүргөндө кайдыгер болбоого чакырат.