Жалал-Абад: 101 кызматы өрттөн сак болууну эскертет!

Урматтуу, Жалал-Абад шаарынын жашоочулары жана коноктору бүгүнкү күндө шаарыбыздын аймагында турак жай секторунда, кафе ашканаларда, соода түйүндөрүндө жана башка обьектилерде өрт кырсыгы катталып жаткандыгы баарыбызга маалым, ошондой эле өрт кырсыгынан адамдардын ден соолугуна өмүрүнө терс таасирин тийгизген учурларда жок эмес.
Жай мезгилинде айлана чөйрөнү ар кандай таштандылардан (желим бөтөлкө, жыгач отун жана ар кандай тез күйүүчү предметтерди) тазалоо жана аларды өрттөп жок кылуу аракеттери башталды.
Ошол себептен өрт кырсыктардын алдын алып, эрежелерин так сактоо менен өзүбүздүн үй бүлөө мүчөлөрүбүздүн жана жакындарыбызды, өмүр бою жыйнап келген үй жай, мал мүлкүбүздү бир заматта күлгө айландырган өрт кырсыгына алыс болуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин аткарууну милдеттендиребиз.
Квартираларда, турак жай бөлмөлөрүндө жана мейманканаларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Балкондордо жана лоджияларда, тепкичтер жайгашкан аянтчаларда, цоколдук аянттарда, подвалдарда, үйдүн чатырларында тез тутанган жана күйө турган суюктуктарды, газ баллондорун сактоого;
2) төшөнчүдө тамеки чегүүгө;
3) тамекинин толук өчпөгөн калдыктарын балкондон же лоджиядан ыргытууга;
4) даярдалып жаткан тамакты плитага кароосуз калтырууга;
5) имаратта адамдар жүргөн учурда, түнкүсүн тепкичтер жайгашкан жердеги жарыкты өчүрүүгө жана алардын эшигине кулпу салууга жана кыйынчылык менен ачыла турган илгичтерди салууга;
6) конок бөлмө менен ашкана бөлмөсү кошулган учурда газ түзүлүштөрүн (мештер, казандар, суу жылыткычтары) орнотууга.
Төмөнкү өрт коопсудук эрежелердин аткарууну эске алыңыз
Жаш балдарды үйдө кароосуз калтырбаныз, өз алдынча от жагууга, үй тиричилигинде колдонуучу электрдик плитка жана башка аленттерин колдонууга жол бербениз.
Ширенке, (зажигалка) ж.б от чыгуучу буюмдары менен ойноого болбостугун жана ойюнчук эмес экендигин түшүдүрүңүз.
Таштандыларды иммараттардан, турак үйлөрдөн 50 м аралыкта өрттөп, дайыма көзөмөлдөнүз.
Күйүүчү материалдарды, тоютка жыйылган чөптөрдү (отун, чөп, таштанды) имараттан, очок, тандырдан алыс сактаныз.
Ачык электр зымдарын тез арада оң абалга келтирүү;
Ачык электр зымдарын күйүүчү материалдардын үстүнөн өткөрүп тартпоо керек;
Үй тиричилигине пайдалануучу газ, электр, мечтерди сайылуу абалда көзөмөлсүз калтырбоо;
Үйдүн чатырына күйүүчү материалдарды сактабоо;
Жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө;
Ар бир ата- эне күн сайын жаш балдарыбызга ширенке жана башка күйүүчү зат менен ойноосу оюнчук эмес экендигин эскертип түшүндүрүп туруусу зарыл;
Тартылган тамекинин калдыгын атайын урнага таштоо;
Өрт кырсыгына каршы ар бир үйдө 200 литрден кем эмес идиште суу кармоо зарыл.
Электирдик эсептегичте заводдо жасалган электр предохранителин орнотуу зарыл. Сынган, оң абалда эмес электр күйгүзгүчтөр, розеткалар, патрондор өз убагында алмашылсын. Электр жылыткычтар, үтүк, электр чайнектерди күйбөөчү таканчыктарга коюңуз жана баардыгын бир убакытта иштетпеңиз.
Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы майор Айбек Иманов.